Мазмунга өтүү

Бейшембиев Кулжанбек

Википедия — ачык энциклопедия

Бейшембиев Кулжанбек Ат жабдыктарынын чебери. 1930-ж. Кочкор районундагы Теңдик айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Кыйла жылдары талаачылык боюнча бригаданын бригадири болуп эмгектенет. Чапкан ээрин каптап, сынпостоп, аны шөкөттөөдө куйма сындырык менен оюм түшүрүү ыкмаларын пайдаланат. Жергесинде «Кулжанбек ээрчи» аталган. Терек менен талды, Сибир карагайын ээрге жердик кылат. Ээрдик талтеректи кыйып келип, анын ыңгайына карай узунун 70 см араалайт. Жумуру жыгачтын үчтөн-экөөн жарып алып, абалы ички бетин чаап, кабыгын аарчыбай эле кемиктейт. Кан-сөлү кача элек жыгач жумшак келет. Кулжанбек дайыма кучмач ээр чабат. Ээрдин эки капталын жонот. Уста ээрге капталуучу терини акиташ менен жыдытып, боёгуна сицирип, чылгый бойдон каптайт. Кашьгаа кара, кызыл булгаары тандайт. Анын ээрине Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан кардар түшүүдө. Азыр Кара-Кужур кыштоосунун Ак-Кыя айылында жашайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0