Бейшенбаев Мукаш Итикулович

Википедия дан

Бейшенбаев Мукаш Итикулович (1960-ж. т., Сарыкамыш айылы) - мөдицина илимдеринин доктору (1996), профессор.

  • 1984-ж. Кыргыз мамлекеттик медидина институнун дарылоо факультетин бүткөн.
  • 1984-86-ж. Москвадагы медицина илимдер академиясынын бүткүл союздук онкологиялык илимий борборунун базасындагы клиникалык ординатурада иштеген.
  • 1989-ж. ушул эле борбордун аспирантурасын бүткөн.
  • 1989-95-ж. Кыргыз онкология жа радиология илимдер изилдөө институтунда кенже, улук илимий кызматкер,
  • 1997-жылдан инситуттун торакалдык онкология бөлүмүнүн жетекчиси. 60тай илимий эмгектин автору. Анын эмгектери ич көңдөй, көкүрөк клеткаларынын шишиктерин алдын алуу, диагностика жана дарылоого багытталган. Мындан тышкары өпкө, кызыл өңгөч, ашказандын рак ооруларын ар кандай жолдор менен айкалыштырып дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурган адис.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5