Бекбоева Алый

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бекбоева Алый (12. 6. 1886, Нарын облусу, Нарын району, Акталаа кыштагы. 1977, ошол эле жер) кыргыз саймачысы; Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1959). Анын саймачылыкка, оймочулукка болгон кызыгуусу бала кезинен эле башталып, өмүрүнүн 56 жылын кыргыздын элдик көркөм колөнөрчүлүгүнүн өнүгүшүнө жумшаган. 1957-ж. жаштардын жана студенттердин Бүткүл дүйнөлүк 6-фестивалына көркөмдүгү боюнча айырмаланган 30дан ашуун тушкийиз, 25тей аяккап, 30 шырдак, ондогон боз үйгө боо-чуу жасап өткөргөн. 1958-ж. кыргыз адабияты жана искусствосунун Москвадагы он күндүгүнө катышкан. Бекбоева улуттук оймо-чийме жана кеште салуунун мыкты чебери. Саймаларында кыргыз жергесинин бай жаратылыш бөтөнчөлүгү, чеберчилигинин, ой жүгүртүүсүнүн молдугу ачылат. Бекбоеванын колунан жасалган асем буюмдар Санкт-Петербургдагы этнография музейине, Москвадагы Чыгыш элдеринин көркөм өнөр музейине жана Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине коюлган. КРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин «Саймачы Алый Бекбоева» деген эмгеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинен орун алган. Бекбоева Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4