Дастан Бекешев

Википедия дан
Бекешев Дастан Далабайевич‎»‎ барагынан багытталды)
Дастан Далабайевич Бекешев
Дастан Далабайевич Бекешев
Жогорку Кеңешинин депутаты
 2015
 
Туулган жери: Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Бекешев Дастан Далабайевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ар-Намыс" фракциясынын V чакырылыштагы депутаты.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бекешев Дастан Далабайевич 1983-жылы 22-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген.

2001-жылы Көзү азиздер жана начар көргөн балдардын атайын мектеп-интернатын бүтүргөн.
2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Үй-бүлөлүү.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2006-жылы Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Биринчимай райондук башкармалыгында укук маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген.
  • 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине жумушка кирген. Аталган министрликте Ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана фискалдык саясат башкармалыгында иштеген.
  • 2009-жылы Саппоро шаарында Япония эл аралык байланыштар агенствосу тарабынан уюштурулган «Өнүгүп келе жаткан мамлекеттеги чакан жана орто бизнести өнүктүрүү» семинарынын катышуучусу.
  • 2010-жылы октябрда «Ар-Намыс» саясий партиясынан V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
  • 2010-жылдын 23-декабрында Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
  • 2012-жылдын февраль айынан тартып Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2008-жылы - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин Ардак грамотасы.
  • 2012-жылы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Шахмат боюнча спорт чеберлигине талапкер.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]