Мазмунга өтүү

Бекешов Асек

Википедия — ачык энциклопедия

Бекешов Асек Зергер. 1934-ж. Түп районундагы Сары-Булак айылында төрөлгөн.

Көл бетинен чыккан айтылуу Балбай баатырдын чөбөрөсү. Мерген, колхоздо чабан, жыгаччы, балык өстүрүүчү, мектепте кол эмгек мугалими болгон. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Чоң атасы Касымбек белгилүү уста аталган. Кезегинде атасы кол булгаары жасап, өтүк, маасы, кепич, мөкү ултарган. Ат жабдыктарын жасоодо айылдашы, уста Молдожан Мокеевден таалим алган. Темирчиликти (ширетүү, эритүү, сугаруу) кармоосуна Садыбакасов Камбаланын таасири зор болгон. Асек Бекешовдун кармаган ээр токумдары кийинки кезде өзүнүн тегерегинен чыгып, алыс-жакын жерден атайын аттанып келгендерден кардар түшүп жатышы, албетте, устанын бактысы, таалайы, көөрүнүн (каухарынын) төгүлүшү. Ат жабдыктарынын ата башы ээрдин жердигин ал көк терек менен жөнөкөй эле талдан тандайт. Кыйылган тал-теректи койдун жаңы кыгына көөмп, он-он беш күнчө кармайт. Мында аарчылган ак жыгач өрүк өңдөнүп, күрөң тартып өзүнөн өзү чымырланат. Керки менен аны биротоло туюк чабат. Чабуу учурунда чыккан кемтикти жиксиз улап коёт. Ээр чабууда өзүнүн кагаз үлгүсүнө таянат. Ал бир нече бөлүктөрдөн турат. Ээр каптоодо төөнүн, уйдун, өгүздүн, буканын терисин чылгый кезинде колдонот. Ээрди каптоо төрт бөлүктөн турат. Абалы, алдын, анан эки каптыргасын, баш баштарын чарасын, акырында үстү капталат. Асек териге өзүнчө өң берүү үчүн кадимки кара тушту (сыяны) пайдаланат. Аяы чылгый теринин ич жагына сыйпайт. Ошондо ал сырткы өңүнө чыгат. Ансыз ээр кадимки жыды тылган карындай чел болуп, ээрдин жыгачы көрүнүп калат. Тери - ат жабдыктарынын түбөлуктүү жердиги, андан кайыш жасоо да жеңил. Асек малмага салуу, жыдытуу, челдөө, талкууга коюу, ийлөө өңдүү терини колдон иштетүү ыкмаларын өзүнүн аруу колунан жаратат. Кол кайыш (күдөрү), кол булгаары (көн) иштетүүгө ийкемдүү келет. Өрүм мүйүздөй катуу болуп, өрүм аралары ачылып кетпейт. Көнгө оюмчийим (наар, сынпос) түшүрүү да оңой сезилет. Асек ат жабдыктарынын бөлүктөрүн кол кайык аркылуу жүзөгө ашырат. Жыгач араалоочу механизмди кыймылга келтирүүчү капрон жиптүү , тасма курду тилип, эки катын ажыратып алат. Аны кайыш менен булгаарынын ортосуна беттей коюп кайыйт. Кайык жипке капронду пайдаланат. Тилинген кош кат кайыш булгаарыны дискага кыпчытып жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды, куюшканды 6-7 күндө кайып бүтөт. Бир ат жабдыкты бир жарым айда биротоло колдон чыгарат. Буюмдун шөкөттөрүнө уста сары жезди колдонот. Мында өгөлөө ыкмасы бар. Ал эми үзөңгүнү, басмайып менен ооздуктун тогоосун көркөм куюу ыкмасы менен жасайт. Кыз келиндер үчүн да өзүнчө ат жабдык жасайт. Шөкөттөрү көөкөр оюмдан турат. Ал «гүл оюм» (гүл мык) менен үндөшөт. Ээрдин кашына айнек, пластмасса аркылуу «тогуз төбөлөө» берүүсү анын кылдаттыгын дааналайт. Мындай зергерчилик ыкмасы куюшкандын эки тарабындагы сооруну жаба турган жеринде бөтөнчөлөнөт. Камчы шөкөттөөдө элик caп менен табылгы саптагы алаканды тумарчалап берүү табылгалары өзүнө гана таандыктай. Ноктону да башка ыкма менен түйүп чыгарат. Коло коңгуроо да жасаган. Ал ат мойнуна тагылат. Мал үйүрүн табууда, жылкы кайтарууда эш болот. Асектин бир уулу Кубанычбек ата өнөрүн улоодо. Сүрөтү түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1977-ж. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын 70 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Ат жабдыктары үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин II даражадагы диплому; 1988 ж. «Чеберлердин топтук көргөзмөсү». Ат жабдыктары үчүн ЭЧЖРКнүн I даражадагы диплому; 1988 ж. Эл чыгармачылыгынын Бүткүл союздук II фестивалына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Ат жабдыктары Ленинграддагы этнография музейине экспонатталган; 1989 ж. Эл чыгармачылыгынын республикалык III фестивалына карата «Элдик чеберлердин кароо-сынагы». Ээри үчүн Кыргыз ССР Маданият министрлигинин II даражадагы диплому; 1990 ж. Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун сатууга коюу көргөзмөсү. Ат жабдыктары мамлекеттик музейге экспонатталган; 1990-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү. Ат жабдыктары коюлган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0