Беккожо Качкынбаев
| Беккожо Качкынбаев (Беккожо Качкынбай уулу) | |
| Жарандыгы: | СССР |
|---|---|
| Туулган жери: | Канаев айылы, Пишпек уезди, Семиречье облусу |
| Каза болгон жери: | түрмөдө, так жери белгисиз |
| Кесиби: | мамлекеттик жана саясий ишмер |
Беккожо Качкынбаев (15-август 1889, Канаев айылы — 25-август 1946, СССР) — кыргыз коомдук жана саясий ишмер, Букара союзунун башчысы (1918-ж.)[1], Түркстан Аткомунун мүчөсү, Пишпек уезддик-шаардык революциялык комитетинин төрагасы, Кыргыз АССРинин юстиция эл комиссарынын орун басары. Советтик репрессиянын курмандыгы. 1959-жылы акталган.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Беккожо Качкынбаев 1889-жылы 15-августта Пишпек уездинин Канаев волостунун Канаев айылында (азыркы Чүй облусу) төрөлгөн. Ал Абдыкерим Сыдыков менен үч уруктан агалык туугандыкта болгон. 1900–1908-жылдары Верный гимназиясында билим алып, андан соң Пишпек шаарындагы почта-телеграф конторасында 6-разряддагы кызматкер болуп иштеген.
1918-жылы Коммунисттик (болшевиктер) партиясына кирип, Букара союзунун уюштуруучуларынын бири болгон. 1919–1920-жылдары Түркстан Борбордук Аткаруу комитетинин (ТурЦИК) мүчөсү, Пишпек уезддик-шаардык революциялык комитетинин төрагасы. 1920-жылы ТүркАтКомунун качкындардын ишин жүргүзүүчү Атайын комиссиясынын Жетисуу областынын Токмок жана Пишпек уезддеринде качкындарды кайра кайтаруу иштерин жүргүзүү үчүн "уполномоченный" болуп дайындалган. Качкынбаев Төрөкул Жанузаков жетектеген комиссиянын түзүмүндө болуп, жеринде практикалык иштерди жүргүзгөн. Алардын максаты качкындардын кайтып келишин уюштуруу, тамак-аш, жер жана турак-жай менен камсыз кылуу болгон. Түрк элдеринин коммунисттик партиясын жана Түрк Республикасынын түзүлүшүн уюштурууга активдүү катышкан. 1920-жылы "тазалоодон" өтпөгөндүктөн партиядан чыгарылган.
1922–1927-жылдары юстиция органдарында, анын ичинде Кыргыз АССРинин юстиция эл комиссарынын орун басары болуп иштеген. 1937-жылдагы камакка алынганга чейин Тянь-Шань облусунун Жумгал районуна караштуу Кочкор совхозунда эсепчи болуп эмгектенген.
Үй-бүлөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Камакка алынган учурда үй-бүлөсүнүн курамы:
- Жубайы: Айнагүл (27 жашта), үй кожейкеси
- Уулдары: Бектай (16 жаш), Джаангер (13 жаш), Карим (11 жаш)
- Кызы: Сүюмбүү (14 жаш)
Саясий репрессия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1937-жылы 31-августта НКВД тарабынан «Социал-Туран партиясына катышкан» деген жалаа менен камакка алынган. 1937-жылдын 30-декабрында атууга өкүм чыгарылып, мүлкү конфискацияланган. 25-август 1946-жылы түрмөдө каза болгон.
1959-жылдын 5-мартында СССР Жогорку Сотунун чечими менен толук акталган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Зима А. Г., Каракеев К. К. Победа Октябрьской революции в Киргизии: сборник документов, 1917–1918. – Фрунзе: «Илим», 1977. – 390 с. – стр. 138, 357.
- КР УКМК архиви, №7343-су кылмыш иши.
- Курманов З. К. Национальная интеллигенция 20–30 годов: вклад в возрождение государственности кыргызского народа и борьбу с тоталитарно-авторитарным режимом. – Бишкек: 2005. – 378 с. ISBN 9967-22-959-4
- Будянский Д. М. История беженцев-кыргызов (1916–1927 годы). – Бишкек: 2007. – 196 с. ISBN 978-9967-24-129-9
- Зорин А. Н. Архивные материалы: Революционное движение Киргизии (северная часть). – Кыргызская академия наук, Институт истории. – Киргосиздат – Фрунзе: 1931.
- Ожукеева Т. О. XX век: возрождение национальной государственности в Кыргызстане – Кыргызский Государственный Университет. – Бишкек, 1993. – 112 с.
- Рыскулов Т. – Собр. соч. в 3-х т. Том 1. – Алматы: Казахстан, 1997. – 336 с. ISBN 5-61501750-3
- Сапаралиев Д. Б. – Элзар-Жусуп:(Ж. Абдрахмановдун 110 жылдыгынын урматына). Тарыхый-популярдуу баян. – Бишкек: 2011. – 70 б. ISBN 978-9967-12-197-3