Мазмунга өтүү

Бексултанов Алыбай

Википедия — ачык энциклопедия

Бексултанов Алыбай Жыгаччы. 1937-ж. Тоң районундагы Көк-Сай айылында төрөлгөн.

7 жашынан комуз чертет. Атасы Бексултан айылдык комузчу болгон. Ал Каракоп шаарындагы педагогика институтун бүтүп, мектепте иштейт. 1957-ж. республикалык фестивалдын лауреаты болгон. Отуздан ашуун грамота, дипломдору бар. Алыбай Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов өңдүү залкар комузчулардын таалимин алган. Алыбай комуз кылдарынын 7 түрүнө байкоо жүргүзөт. Алардын ичинен ичеги кылы, ичегинин чыйратма кылы, песканын чыйратма кылдарын изилдөөгө бөтөнчө назар таштап, ал боюнча кармаган комуздары музейлик экспонат катары сакталууда. Анын өрүктөн чабылып, карагай капкак жабыпып, ичеги кылы тагылган комузу үндүү. Комуз жасоону Чалагыз Иманкуловдон, Карамолдодон жана Тоң районундагы Ала-Баш айылында жашоочу Буржуке карыядан, Ак-Суудагы кыл кыякчы Б. Өмүрбаевден үйрөнгөн. Аны физика мыйзамы менен байланыштырат. Комузду чаап бүткөндөн кийин айнек менен сүрүп, анан майда кум кайрак кагазы жана нооту менен жылмалап, жаңы бышырылган акиташтын 70-80 процент эритмесине актап, анан ал кургагандан кийин кургак чүпүрөк менен сүртүп, техникалык вазелинге бир аз майлап коёт. Мында өрүк комуз кыпкызыл кооз түргө келет. Комузунун узуну 70 см, экинчиси 65 см, үчүнчүсү 60 см. Бул өлчөмдөр комуз жасоодо чарасы менен комуздун моюнун өлчөгөндө тең ортосунан ашат. Мисалы, 70 см комуздун моюнунун узундугу 35 см, чарасынын узундугу 35 см, 65 см комузда 32,5 см ж. б. Бул комуздарды бала комуз, чоң комуз деп бөлөт. Физикалык жагынан алганда комуздун ортоңку кылын күүлөгөндө кайсы нотадан резонанс кубулушун берерин аныктайт. Резонанс - комуздун өздүк жыштыгы менен кылдын термелүү жыштыгы дал келген учурдагы комуздун так жана катуу үн чыгаруусу. Уста комуздун кылын катуу чыңабайт. Анткени ал учурда комуздан уккулуктуу үн чыкпастан чыңкылдап калат. Комузду чоң өлчөмдө, б. а. 80-90 см узундукта жасап, терең ойгондо комуздан күңгүрөмө, мыңкылдаган уккулуксуз үн чыгат. Эгер комуз өтө эле чакан жасалса да (60 смден кичине) үнү өтө эле чыңкылдак болуп калат. Комуздун даана уккулуктуу үн чыгарышы температурага, басымга, нымдуулукка жараша болот. Эртең мененки жана кечки салкында комуздан абдан уккулуктуу үн чыгат. Ал комузду сактаганда бирдей температурадагы бөлмөгө боосунан илип коёт. Комуздун чарасын же көңдөй бөлүгүн калыңыраак чапса, комуздан үв өтө эле пас чыгат. Жукараак чапса күңгүрөмө болот. Уста чапкан комуздун жогору жагы жукараак 0,6 см болуп улам калыңдайт, көчүгү 0,8 см келет. Андан кийин комуздун чарасынын көчүк жагы жогору жагынан да бир аз калыңыраак болот. Комуздун мойну (грифи) өтө түптүз болсо чечен комуз болот. Бир аз эле эңкейиш же иймейип турса ал күү келтирүүгө чоң залалын тийгизет. Мына ушуларды мыктылап изилдеп үйрөнгөн комуз уста комуз жасай турган өрүктү койдун кыгына түтөтүп же сомдолгон комузду сууга, солидолго эт бышымча кайнатат. Себеби, комузду чаап жатканда ийрейип кажып кетпейт. Комуз уста жана комузчу райондо Акматов Асан, Өмүров Ишенгазы, Тойгонбаев Камчыбек, Молдобаева Зарыл өңдүү шакирттерди өстүрүп чыгарган. Уулдары Таалайбек, Мидин, Саякбай, кызы Роза менен үй-бүлө ансамблин түзгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0