Бекташева Басаркан

Википедия дан

Бекташева Басаркан 1958-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Домор айылында кызматчынын уй-булосундо туулган. 1975-жылы А. Т. Николаев атындагы орто мектебин «Эн жакшы» деген баалар менен бутургон. 1982-жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бутургон. Алгачкы эмгек чыйыры Сузак районундагы Карамарт айылындагы Октябрдын 15 жылдыгы орто мектебинде иштоо менен 1982-жылга туура келген. 1983-жылы Жалалабат шаарындагы № 3 орто мектепте англис тили мугалими болуп иштоо менен эмгек чыйырын уланткан. 1984-жылы Кокжанак шаарынын № 6 орто мектебинде мугалим, 1986-жылдан 1993-жылга чейин мына ушул мектепте окуу болумунун башчысы, 1994-жылдан Жалалабат ком-мерциялык институтунда чет тилдер кафедрасынын окутуучусу, 1996-жылы жалпы гуманитардык университетте декандын жардамчысы болуп иштейт. 2006—2007-окуу жылында университетте ачылган гуманитардык экономикалык коллеждин директору болуп дайындалды.

Бекташева Басаркан Жалалабат шаардык билим беруу болумунун, экономика жана ишкердуулук университетинин ректоратынын, Жалалабат шаардык мэриясынын, кооперация министрлигинин Ардак грамоталары жана мактоо баракчалары менен сыйланган.