Болот Бектемишов

Википедия дан
Бектемишов, Болот‎»‎ барагынан багытталды)

Болот Бектемишов (1959, Нарын — 2018, Нарын) — кыргызстандык спорт ишмери, футбол жана хоккей боюнча машыктыруучу (тренер) жана кесипкөй калыс. Ал хоккей боюнча Кыргызстандын курамасынын машыктыруучусу, Нарын облустук спорт комитетинин төрагасы да болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болот Бектемишов 1959-жылы Кыргызстандын Нарын облусунун борбору Нарын шаарында жарык дүйнөгө келген.

1966—1976-жылдары Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектепте «В» классында окуган.
Жаштайынан эле футбол боюнча машыгып, дарбазачы жана чабуулчу катары шаардык, облустук, жумурияттык мелдештерге катышып жүргөн.
1976—1980-жылдары Бишкек шаарындагы спорт жана дене тарбия институтунда (азыркы Спорт жана дене тарбия академиясында) таалим алып, футбол жана хоккей боюнча тренердик кесипке ээ болгон.

Ал өмүр бою бийик тоолуу Нарын шаарында спорт тармагында тренер жана калыс кызматтарын аркалап келди. Нарын облустук спорт комитетинин төрагасы да болду. Нарын шаардык спорт мектебин да жетектеген учурлары болду.

Спорт таануу жаатындагы маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Болот Бектемишов Кыргызстандын тоолуу Нарын облусунун спорт тармагын өнүктүрүүгө көрүнүктүү салым кошкон.

Нарын облустук спорт мектебинин жетекчиси кезинде Болот Бектемишов өлкөнүн шайба хоккей курамасынын катарында ойноп, Астана шаарында 7-кышкы Азия оюндарында биринчи лиганын жеңүүчүсү аталып, алтын медал тагынып кайткан.

2011-жылы 16-февралда Болот Бектемишов “Азаттык” үналгысынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, хоккей оюну Кыргызстанда совет доорунда эле сүйүктүү оюнга айланганын мындайча эскерген:

“Биз бала кезде кийиз чокойго кайыш менен коньки байлап, таяктан клюшка жасап хоккей ойночубуз... Хоккейди биздин эл Каракол, Нарын, Балыкчы жана Бишкек шаарларында совет доорунда эле ойноп келген... Эгемендүүлүк алганы 7-кышкы Азия оюндарындай бул спортко кызыгуу болгон эмес. Эми ишкерлер, өкмөт колдоого алса, хоккей жанданып, чеберчилик өсөт”. [1]

2018-жылы январда Казакстандын Алматы шаарында болгон хоккей боюнча эл аралык мелдеште Нарындан барган ардагер хоккейчилер 3-орунду ээлешти. Алардын машыктыруучусу — Болот Бектемишов эле.
Мелдеште Алматы шаарынын 2 командасы, Семей жана Нарын шаарынан бирден курама командалар күч сынашкан. Жыйынтыгында Нарын шаарынан барган «Ала-Тоо» командасына 3-даражадагы диплом, коло медаль жана баалуу белектер тапшырылган. [2]

Болот Бектемишов хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу да болгон.

Акыркы мезгилде Болот Бектемишов Кыргызстан Хоккей федерациясынын ардагерлер кеңешин жана калыстар коллегиясын башкарган. [3]

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы — Шолпан Бектемишова, теги тараздык казак. Алар 1981-ж. үйлөнгөн.
Уулдары - Элзар жана Эрлан.

Сыйлыктары. Наамдары. Медалдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 7-кышкы Азия оюндарында биринчи лиганын алтын медалы. Астана.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия. Бишкек.
  • Макешов, Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. — Бишкек: Турар, 2015. — (толукталып, 2-басылышы). — 450 бет, сүрөттөр. — ISBN 978-9967-15-107-9.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_sport/2311034.html
  2. http://naryn.turmush.kg/news:338992/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea
  3. http://sport.kg/team-sports/hockey/47318-federaciya-hokkeya-s-shayboy-kyrgyzstana-ponesla-nevospolnimuyu-utratu.html