Мазмунга өтүү

Бектенова Дамира Чотуевна

Википедия — ачык энциклопедия
Тез өчүрүүБул баракты тез арада өчүрүү сунушталууда. Өчүрүү сунушу төмөнкү себеп боюнча киргизилген:
Энциклопедиялык мааниге ээ болбогон персона, энциклопедиялык маалыматтарды камтыбаган барак
Эгерде Сиз бул шартка макул болбосоңуз, бул калыпты өчүрүп жамаат порталына оюңузду билдириңиз.
Администраторлор: Сураныч баракты өчүрүү алдында, тандалган барактын тарыхын карап, анан гана өчүрүңүздөр.

Бектенова Дамира Чотуевна (2.3.1949-ж. т., Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга кыш.) экономика илимдеринин доктору (2004). 1967-ж. Фрунзедеги финансы-экономика техникумду, 1971-ж. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. 1973-76-ж. Москва финансы институтунун (азыркы РФ Өкмөтүнө караштуу Финансы академиясы) аспирантурасында окуп, 1977-ж. кандидаттык диссертациясын жактаган. 1971-95-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, кафедра башчысы болуп иштеген. 1995-жылдан КРСУда кафедра башчысы, проф. (2005). 90дон ашуун илимий-методикалык эмгектери, анын ичинен 6 монографиясы жана окуу китептери жарык көргөн. Эмгектери.: Финансы, денежное обращение и кредит. 1999; Закономерности движения денежных потоков в условиях переходной экономики. Б., 2001; Капитализация средств в финансово-банковской сфере в трансформируемой экономике. 2003.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4