Бектер

Википедия дан

Бектер - бег, бей, бий (түрк. - бийлөөчү, төрө; ал амир же эмир дегендин синоними) - байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздардагы аскердик титул.

Изилдөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү бул терминди титул катары карашат. Оболу, байыркы түрк (кыргыз) коомунда Бектер каган менен карапайым элдин ортосундагы уруулук аристократияга кирген социалдык катмарды түзүшкөн. Бул титул байыркы айрым антропонимдерге жалганып айтылып жүрөт. VII-VIII кк. чектеринде Кыргыз каганатын атактуу Барс бек каган башкаргандыгы белгилүү. Мындан сырткары, Бек Арслан, Бек Барс, Бек Бука, Урун Бек, Бек Темир ж.б. энчилүү аттар болгондугу маалым.

«Бек» сөзү байыркы доорлордо эле «бекем», «темирдей катуу, бекем» маанисин туюнтканын түркологдор белгилешет. Мис., Ынанчыбек, Нимазири бек ж.б. XVIII к. баш чендерине чейин энесай Кыргыз мамлекетинде бектер (бег) коомдогу өзгөчө аскердик башкаруучу катмарды түзүшкөн. Кемчик-Хая Бажы (Тува) аскасындагы жазуусунда Анныт аттуу тамгачы (аскага жазуу түшүргөн) кыргыз: «...Сиздин улуу даражаңыз, Бул менин каганымдын жана Өлкөмдүн (мамлекетимин) Кара Сеңир тоосундагы түбөлүк калган эстелиги. Ынанчы Күлүк Чигши бек өлкөнүн (эстеликте - «үлкени») алты баг элине, кыштымдарына ээлик кылдым» - деп жазган. Энесай кыргыздарынын орус басып алуусуна каршы күрөшкөн (XVII к. экинчи жарымы) аскер жетекчиси атактуу Эренак-бек болгондугу белгилүү.

Кыргыз мамлекетин башкарган Эренак-бек орустарга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштуруп, Кыргыз жерин жан аябастан коргогон. «Кыргыз жерин» (Хакас-Минуса ойдуңун) Орусия басып алгандан кийинки элдик кыймылды Ханза-бек жетектегендиги маалым. Алтын Ордонун каны мусулман динин кабыл алган монгол нойондоруна Бек титулун берген. Кокон хандыгына баш ийген кыргыздарда Бектер өз вилаетинде хандын өкүлү болуп, хандын казынасына алык-салык чогултуу ишин көзөмөлдөгөн, хандын жергиликтүү өкүлү болуп, өз чегиндеги маселелерди чечип турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8