Сүйүнтбек Бектурсунов

Википедия дан
Бектурсунов Сүйүнтбек‎»‎ барагынан багытталды)

Бектурсунов Сүйүнтбек [20. 12. 1909, Олуя-Ата уезди, Карасуу болуштугу (азыркы Талас району, Үчкошой кыш.) 13.0 6. 1962, Фрунзе] котормочу, көркөм котормо чеберлеринин бири. Фрунзедеги педтехникумду бүгүргөн (1930), Кыргыз драма театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орунбасары болуп иштеген. Котормочулук иши 1931-жылдан башталган. А. Чеховдун «Аңгемелер» (1940), В. В. Бартольддун «Кыргыздар» (1943), Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» (1-т. 1949; 2-т. 1951; 3-т. 1954), «Аңгемелер жана жомоктор» (1953), «Жекшемби» (1956), «Тандалган чыгармалар» (1959) ж. б., М. Горькийдин пьеса, аңгемелерин, А. С. Пушкиндин «Капитан кызы» (1958), Майн Риддин «Башы жок чабандес» (1959), ошондой эле Л. Жариков, В. Маяковский, С. Улугзаде, С. Аксаков, Э. Распэ, П. Абрахамс, И. Соколов-Микитов, Н. Островский ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. Л. Толстойдун «Согуш жана тынчтык» эпопеясын которушу анын улуттук адабияттка кошкон зор салымы болгон. Ал В. Горячих менен бирдикте «Армансыз азаматтар» деген пьеса да жазган. «Кыргызфильм» студиясында көптөгөн кинону кыргызчалаткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4