Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишмердүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу
Көрүнүш
Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишмердүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жазанын бир түрү (негизги же кошумча чара катары дайындалат). Белгилүү бир кызмат ордун ээлөөгө же кандайдыр бир ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат. Негизги жаза катары 1 жылдан 5 жылга чейин, кошумча жаза катары 1 жылдан 3 жылга чейин белгиленет. Ал кошумча чара катары КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралбай калган учурларда, эгер жасалган кылмыштын жана аны жасаган адамдын жеке кертбашынын коомго коркунуч келтирген мүнөзү менен деңгээли мындан ары белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишмердүүлүктү жасоо укугуна жол бербеген учурларда белгиленет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |