Белгисиз акцепт
Көрүнүш
Белгисиз акцепт – оферентке карата кошумча суроо же шарттары бар акцепт. Тараптардын жолугушуулары учурунда, же башка ыкмада маселелерди макулдашууну (тактоону) болжолдойт. Мындай болгондо келишим түзүү боюнча милдеттенмелер пайда болбойт. Акцептен баш тартуу аргандай таризде болуусу мүмкүн. Мүмкүн болуучу акцептантты айтпай коюу жаңы милдеттенмелердин пайда болушуна алып келбейт жана келишим алакаларына киришүүдөн баш тартууга жатат. Бирок, мисалы, эгер тийешелүү кабылдоо-өткөрүү документтери толтурулуп, кызмат көрсөтүлгөн, же продукция алынган фактылар болсо, анда бул «унчукпай кабылданган акцепт» болуп саналат жана алган тарап үчүн көрсөтүлгөн кызмат же алынган товар үчүн төлөп берүү милдеттенмесинин жаралышына алып келет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |