Белгисиз маршрут

Википедия дан
Белгисиз маршрут
Жанры

Комедия
Мелодрама

Режиссёру

Темир Бирназаров
Асел Жураева (жардамчы)

Сценарийдин
автору

Темир Бирназаров

Башкы ролдордо

Дүйшөн Байдөбөтов
Эгемберди Чалабаев
Күмөндөр Абылов
Асылбек Өзүбеков
Бакыт Мукул
Жылдыз Сегизбаева
Табылды Актанов

Оператору

Кабылжан Хамидов

Узактыгы

105 мүнөт

Өлкө

 Кыргызстан

Тили

Кыргызча

Жылы

2008

IMDb

ID 2235914

Белгисиз маршрут — Режиссёр Темир Бирназаровдун комедия жанрындагы тасмасы.

Каармандарда: Дүйшөн Байдөбөтов, Эгемберди Чалабаев, Күмөндөр Абылов, Асылбек Өзүбеков, Бакыт Мукул, Жылдыз Сегизбаева, Табылды Актанов жана башкалар.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

21 жүргүнчүсү бар айылдык автобус туман каптап турганда Келечек айылын көздөй алыс жолго чыгат. Күлкү менен ый, уруш-талаш менен жалпы кубаныч коштогон жөнө­көй эле сапар бир чоң окуяга айланат. Жүр­гүн­чүлөр арасындагы чатактан улам айдоочу башкарууну жоготуп, автобус жар бооруна асылып калат. Ызы-чууга түшкөн жүргүнчүлөр­дү Үмүт аттуу жигит ын­ты­мак­ка чакырып, автобусту бирге түр­түп чыгарууну сунуштайт. Өзү болсо түн ичинде от жандырып, автобустун алдына чыгып айдоочуга жол көрсөтүп берет. Тасмадагы ар бир деталь символдоштурулган сыяктуу. Балким, автобус бул – Кыргызстаныбыз, жүргүнчүлөр – биз, жарандар, бара турган жер – келечек, келечекке алпара турган бул үмүт чыгаар.

Тасманын тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Бирназаров Алматыдагы Театр жана Кино Институтунун студенти болуп жүргөн кезде (1991-92-жж.) белгисиз маршрут менен кетип бараткан автобустагы окуяны чакан аңгеме кылып жазган. Автор “автобуска түшкөн адамдардын ар түрдүү образдарын бир сааттык даректүү тасма аркылуу көрсөтөйүн” деп кыялданып жүрчү экен. Бирок, кызыктуу аңгеменин багы 2007-жылы даректүү эмес, толук метраждуу көркөм тасма катары ачылып, “Кыргызфильмдин” көркөм кеңеши Бирназаровдун сценарийин кабыл алып, анын тартылышын каржылап берүүгө кол койгон. Ошентип, дээрлик 4 айга созулган кастинг, даярдыктардан соң 2007-жылдын октябрь айында салт боюнча тартуучу топтун кол тамгалары коюлган айнек табак талкаланып, “Белгисиз маршрут” фильми тартыла баштаган. Тасма башкалардан айырмаланып, жалаң павильондун ичинде тартылды. 21 актёр, 1 камера, жабык аянт. Дал ушундай шартта фильм жаратуу эрдик эле. Туура 40 күн дегенде акыркы кадрлар кассетага жаздырылган да, кино тартуудагы оор мезгил – монтаж башталган. Акыры май айынын аягында борборубуздагы “Алатоо” кинотеатрында өткөн бет ачарда ырчы, актёр, журналист, саясатчы жана башка белгилүү адамдар Бирназаровдун жана анын тобунун эмгегине биринчилерден болуп күбө боло алышты.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Мен профессионал актёрлордун дээрлик бардыгын билем,- дейт режиссёр Бирназаров,- Андыктан, атайын кастинг деле өткөргөн жокмун. Ар бир образга кайсы актёр жарашаарын элестетип алып, ролдорду сунуштай бердим. Мисалы, А.Мураталиев акындын, Б.Мукул баңги мугалимдин ролдорун өздөрү тандап алышты. Болгону, Үмүттүн ролуна ылайыктуу жигитти көпкө издедим. Жеңиш Кангелдиев, Замир Мырза сыяктуу көптөгөн талапкерлер болду. Бирок, мага кино тармагынан алыс болгон Замир Дүйшөбаев деген жигит жакты. Ал болсо сүрөткө түшүп берип коюп эле Таласка кетип калган экен. “Киного тартылам” деп ойлобосо керек. Акыры аны издештирип жүрүп таптым. Менин оюмча, Замир чынында эле кыргыздын үмүтү боло ала турган жигиттин сапаттарына ээ”.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркинбек уулу Алишер (окуучу): “Мени 250 баланын ичинен тандап алганы үчүн Темир байкеге рахмат. Мурда ырчы болгум келчү, киного тартылгандан кийин актёр болууну самап калдым. Тасмага тартылуу үчүн чачымды алууга туура келди. Алгач уялгам, бирок, актёр экенимди эсиме алып, бара-бара көнүп кеттим”. Ж.Сегизбаева (сойку кыз): “Кастингге чогуу окуган Асел курбум аркылуу келдим. Көп кыздын арасынан режиссёр мени тандап алды. Өзүм профессионал актриса эмесмин, бул менин дебюттук тасмам. Болгону, режиссёр эмне десе эркелебей, кыялымды көрсөтпөй ошону аткарып жаттым. Кинодо сойкуну аткаруу мен үчүн оор болсо да, мага профессионал актёрлор жардам берип жатышты”. М.Токтобаев (аракеч): “Мен жадакалса театрда мынча иштеген эмесмин. Күн сайын 15 сааттан 40 күн иштедик. Темир бир сүйлөгөн жигит экен. 9да дедиби, жумушка 9да келип калышың керек. Тасманын дубляжында кемчиликтер бар экен, өзүмдүн аткарганыма да толук канааттанган жокмун. Бирок, элдин кабыл алганына караганда жаман кино жараткан жокпуз”. Э.Эгембердиев (рэппер): ”Менин образым – азыркы жаштардын бир өкүлү. Ролду жакшы аткарыш үчүн ошондой өкүлдөрдү карап, туурап, жаттап алып жаттым. Менин сөзүм аз болгондуктан, көп учурда өз көз карашымды жалаң эмоция менен бергенге туура келди. Оор болсо да режиссёрдун жардамы менен окшоштура алдым деп ойлойм”. К.Абылов (милиционер): “Темирдин режиссёр катары артыкчылыгы – актёрлорду алардын кыялына эмес, сырткы кебетесине гана жараша алып, анан ага жаңы образ, жаңы кейип бере алгандыгы. Өзүңөр деле байкасаңар керек, ар бир актёр эл алдына мурдагы көнүмүш эмес, жаңыча образ менен чыкты. Режиссёр ар бир актёрдун билине элек, эч ким көрө элек жактарын ачып берди. Кинонун бир жакшы, анан бир жаман жери бар – жакшы аткарсаң да, жаман аткарсаң да түбөлүккө ошол бойдон сакталып калат. Мен ойлойм, эгер кинонун акырында көрүүчү менин ыйлаганымды көрүп ыйласа, демек, анда жаман иштеген жокпуз”. Режиссёр Т.Бирназаров: “Кинону каалаган адам тартат. Бирок, элдин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын унутпаш керек. Индияда, Америкада, кээде бизде деле кино – акча булагы. Ал эми “Белгисиз маршрут” сыяктуу мамлекеттик кинонун башкы максаты – жалпы коомго тиешелүү олуттуу маселени көтөрүп чыгуу, аны көрүүчүгө жеткире билүү. Мен улутумду сүйгөн адаммын. Андыктан, бул тасмам аркылуу улут маселесин көтөрүп чыгууну чечтим. Биз ар бирибиз ар башкачабыз, мүнөздөрүбүз, көздөгө­нү­бүз, тилектерибиз. Кээде өз максатыбызга жетүү үчүн чыккынчылыкка, сатууга барабыз. Бирок, териштире келсең эле баарыбыз биртууган болуп чыгат экенбиз. Көрсө, өз тууганыңдан байлык, бийлик талашып аткан болосуң. Менин көрүүчүгө жеткирейин дегеним бул – ынтымак, анын күчү жана улутубузга зарылдыгы. Учурда маселе жаратып жаткан нерсе бул – тасманын дүйнөлүк стандартка ылайык киноплёнкага көчүрүлбөй турганы. Каражатка гана такалган бул маселе чечилсе, анда сүйүктүү актёрлорубуз түшкөн сары автобустун маршруту белгилүү болот. Албетте, бул улуттун, жалпы коомдун кызыкчылыгы болгону үчүн бул суроонун тез арада чечилип кетээрине ишенели». Сүрөтчү Б.Исманов: “Дээрлик 9 ай тынбай иштеп, бала көтөргөн аялдай эле болдук го. Азырынча тасманын жыйынтыгы тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Эл арасына жайылып чыккан соң гана бир жыйынтык чыгарууга мүм­күн. Оператор К.Хамидов: “31-май – менин туулган кү­нүм, оператор катары туулган күнүм. Мурда бийчи болсом, кино жаатында 10 жылдан бери режиссёр, ассистент сыяктуу ар түрдүү кесипти аркалаганга аркеттенип жүрдүм. Көрсө, мен оператор экенмин. Албетте, оңой болгон жок, павильондо иштедик, бир гана камера менен тартууга туура келди, себеби, автобустун ичинде андан көп камера менен тартуу мүмкүн эмес. Бирок, көрүүчүнүн купулуна толо турган тасма жаралды деп ишенем. Мени мыкты оператор катары ачкан Темирге рахмат.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тасмага тартылган эң улуу актёр 70 жашта, эң кичүүсү – 7 айлык.
  • Тасманын бюджети дээрлик 3 миллион сом.
  • Фильм 1 саат 45 мүнөткө созулат.
  • Актёрлордун гонорары: күнүнө эң көп 500, эң аз 300 сом.
  • Мушташ учурунда актёр Алмаз Калимбетовдун башына дарбыз тийип жарылышы керек эле. Бул кадр 15 дубль менен тартылган.
  • Монтаж туура 2 айга созулган.
  • Кыргызстанда окуп, практика өтөп жүргөн түрк тууганыбыз Мустафа тасмада 3 мүнөткө жетпеген эпизоддо катышса да, тартуучу топ менен чуркап жүрүп 5 килограммга арыктаган.
  • Режиссёрдун жардамчысы Асел съёмка учурунда эрежелер сакталсын деген максатта тартуучу топко акчалай айып жазып турган. «А.Өзүбеков ар бир кечиккени үчүн 100 сомдон айыпталса, К.Абылов уюлдук телефонун өчүрбөгөн­дүгү да айыпка тартылчу. Ал эми А.Калимбетовго ак байпактын ордуна кара байпак кийип келгендиги жана муну менен кинодо ката жаратып жаткандыгы үчүн чоң айып (150 сом) жазылган. Бирок, кино акырына чыкканда бул айыптарды актёрлордон алууга колум барбады»,- дейт Асел.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]