Белград конференциясы (1961-ж.)

Википедия дан

Белград конференциясы (1961-ж.) - 1961-ж. 1-6-сентябрда Югославия, Индия, Индонезия, Египет жана Гана мамлекеттеринин демилгеси менен Югославияда өткөн. Ага Алжир, Афганстан, Бирма, Гана, Гвинея, Индия, Индонезия, Ирак, Йемен, Камбожа, Кипр, Конго, Куба, Ливан, Мали, Марокко, Непал, Египет, Сауд Аравиясы, Сомали, Судан, Тунис, Цейлон, Эфиопия, Югославия катышкан. Боливия, Бразилия жана Эквадор өкүлдөрү байкоочу болушкан. Конференция колониализмди биротоло жоюу, жалпы жана толук куралсыздануу, коомдук-саясий түзүлүшү ар түрдүү мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосу, БУУнун ролу жана структурасы жөнүндөгү маселелерди талкуулаган; согуштуксаясий блокторго кошулбаган мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчыларынын согуш коркунучу жөнүндө билдирүүсү менен тынчтыкка үндөөсү жана Декларациясы кабыл алынган. Бул документтерде согуштук-саясий блокторго кошулбоо саясатынын принциптери аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4