Белобородов Афанасий Павлантьевич
Белобородов Афанасий Павлантьевич (18(31). 1. 1903-ж. т., азыркы Иркутск обл., Акинино кыштагы) - армиянын генералы (1963), 2 жолу Советтик Союздун Баатыры (1944; 1945).
1926-жылдан КПССтин мүчөсү. 1923-жылдан Советтик Армияда. Жөө аскерлер мектебин (1926), Аскердик саясий курсту (1929), Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1936) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согушта 1941-жылдын ок-тябрынан 78-аткычтар дивизиясына командачы, 1942-жылдын октябрынан аткычтар корпусуна командир.
1944-жылдын майынан 43-армияга командачы. 1945-ж. августта Японияга каршы согушта 1-Кызыл Туулуу армияны башкарган. Согуштан кийин аскердик жетекчи кызматтарда, 1968-жылдан СССР Коргоо мин-восунда жооптуу иште. 1966-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. СССР Жогорку Советтик З- жана 7-шайл. депутаты.
Белобородов 2 Ленин ордени, 5 Кызыл Туу, 1-2-дараж. Суворов, 2-дараж. Кутузов ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.