Беловежа чер токою

Википедия дан
Беловежа чер токою
Беловежа чер токою

Беловежа чер токоюБеларустун Гродно облусу менен Польшанын чек арасындагы (Неман, Буг жана Припять дарыясынын алабында) корук-токой массиви.

Жалпы аянты 150 миң га. Беловежа чер токою 13-кылымдан тартып княздар, кийин падышалар аңчылык кылуучу токой болгон. 1940-жылдан корук катары уюшулган, ал эми 1957-жылдан корук-аңчылык чарбасы. 1991-жылдан Беларуссиядагы улуттук парк (аянты 87, 6 миң га). 1992-жылдан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Польша аймагында элдик парк (аянты 5,1 миң га). Өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө өтө бай. Токойдун 50% аянтында кызыл карагай, ошондой эле мырза-карагай, граб, эмен, коңдагач ж. б. өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 59, куштардын 228ден ашык, жерде-сууда жашоочулардын 11, сойлоочулардын 7, 30га жакын балыктын, 8,5 миңге жакын курт-кумурскалар түрү кезигет. Негизги корголуучу жаныбар зубр, ошондой эле батыш Европа бугусу, элик, доңуз, куну, карышкыр, сүлөөсүн, коён; куштардан: токой чили, каракур, кереңкур ж. б. кездешет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4