Беловодское (Москва району)

Википедия дан
Беловодский‎»‎ барагынан багытталды)
Айыл
Беловодское
Өлкө

Кыргызстан

Облус

Чүй облусу

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Калкынын саны

21 275[1] (2009)

Жыштыгы

адам/км2

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+6

Беловодское[2]Кыргызстандын Чүй облусунун Москва районундагы айыл. Беловодское айыл аймагына кирет. Райондун жана айыл аймагынын борбору.

Кыштак Бишкек―Ташкен унаа жолунун боюнда жайгашкан, деңиз деңгээлинен 760 м бийиктикте жайгашкан. Беловодское темир жол бекетинен 3 км. Бишкек шаарынан 40 км батыш тарапта.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1866-жылы отурукташкан.

Инфратүзүм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эки орто мектеп, 1 атайын мектеп, лицей, спорт мектеби, 4 бала бакча, оорукана, бейтапкана, дарыкана, ден соолукту чыңоочу жай, кинотеатр, 3 китепкана, 2 клуб, кафе-барлар, ашканалар бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы — 21 139 (2002-жылы), 19 831 (2006-жылы), 21 275 киши (2009-жылы)[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4