Белоктуу тоют

Википедия дан

Белоктуу тоют - протеиндүү тоют өсүмдүк жана жаныбардан алынган белоктуу (протеиндүү) мал азыгы. Протеин дан, акшак, улпак, шрот жана күнжарада көп болот. Көк тоюттагы беде, эспарцет, соя, буурчак, жер буурчак жана кашкабеде ж. б-дагы протеин жогорку сапаттуу, сиңимдүү келет. Тоюттун белоктуулугу чөптүн чабылган убактысына, даярдоо технологиясына, түрүнө жана сортуна байланыштуу болот. Гүл ачар алдында чабылган беденин 1 тоют бирдигинде 228 г, эспарцетте 186 г, ал эми буурчак данында 171 г, жер буурчакта 186 г, машбуурчакта 211 г, сояда 223 г сиңимдүү протеин бар. Ачыткыда белок көп, ал В тобундагы витаминдердин жана микроэлементтердин булагы. Жаныбардан алынган тоют өсүмдүк тоютуна караганда белоктуулугу жана биол. баалуулугу менен айырмаланып, алмаштырылгыс амин кислоталардын бардыгы болот. Мис., сөөк уну, сөөккан уну, балык уну протеинге, витаминдерге, минерал заттарга бай.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4