Белопольский Аристарх Аполлонович
Белопольский Аристарх Аполлонович (1854-1934) - советтик астроном, Петербург ИАнын акад. (1903). 1877-ж. Москва университетин бүткөн.
Белопольский кометанын (1884), Айдын тутулган учурунун жана Күндүн тутулган кездеги таажы-сынын (1887) сүрөтүн алган. 1888-жылдан Пулков обсерваториясында иштеп, 1917-19-ж. анын директору болуп шайланган.
1895-ж. Сатурндун шакегинин түзүлүшүн изилдөөдө жарык ылдамдыгын өлчөө ыкмасын колдонуп, ал шакек планетаны айланган көп сандаган майда телолордон турганын аныктаган. Белопольский жылдыз спектрографынын жардамы менен Күндүн айлануу ылдамдыгынын бир аз азайганын байкаган (1925-33), аны башка астрономдор да ырастады.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.