Белоусов Владимир Владимирович

Википедия дан

Белоусов Владимир Владимирович (1907-ж. т. ) - советтик геолог, СССР ИАнын мучө-корр. (1953). СССР ИАнын Жердин физикасы институтунун геодинамика бөлүмүнө башчы (1944).

Москвадагы геологиялык чалгындоо институтунун (1943) жана МГУнун (1953) профессор Негизги эмгектери тектоника, тектоно-физика жана геофизиканын жалпы маселелерине арналган. Жер кыртышынын термелүү кыймылынын тарыхын изилдөөчү жаңы ыкма таап, аны Кавказ менен Орус платформасынын геологиялык тарыхын үйрөнүүдө колдонгон. Бул аймактардын өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрүн, шартын аныктап, аны бүт Жер жүзүнүн өнүгүшүн изилдөөгө пайдаланган.

Бүктөлүүлөрдү бир нече типке бөлгөн. Жер катмарынын тик багыт боюнча кыймылын Жердин өсүп-өнүгүшүндө биринчи орунга койгон. "Үстүңкү мантиянын проектиси" деген эл аралык уюмду түзүүгө демилгечи жана анын комитетинин председатели (1960). З орден жана бир нече медаль менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.