Белтир

Википедия дан

Белтир – бүгүнкү хакастардын курамындагы этностук топ. Хакас тилинде “пилтир” деп аталат.

18-кылымга чейин Абакандын жээгинен Арбат жана Табатка чейин жерлерди байырлаган кыргыздардын бир уруусу. Уруулук аталыштын паралеллдери Фу-ю кыргыздарынан “былтырды”, кыргыздын бугу уруусунун курамынан “билдир” формасында кездешет. Хакас оозеки чыгармаларында белтирлер 1703-жылы Жунгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында белтирлер 1635-жылдан белгилүү. Минусин ойдуңун (Кыргыз жерин) Россия басып алгандан соңку Кытайдын Цин империясы менен түзүлгөн Кяхта келишимине (1727-жыл) белтирлер да катышып, чек араны көзөмөлдөөгө укук алашкан. Учурда белтирлер тарыхый санжыраны жакшы билишет жана 15-18 муунга чейин өз тегин оозеки түрдө айтып бере алышат. Сагайлар менен бир диалектиде сүйлөшкөн белтирлердин энчилүү аты монгол “бир өңчөй эмес”, “аралаш” маанилерин туюнтат. Ал эми хакас жана алтайлыктарда дарыянын, суулардын бириккен куймалары, коктулардын кошулган жерлерин билдирет. Учурда Тоолу Алтайда Белтир аттуу айыл белгилүү. Кыргыздын баргы, бугу урууларынын курамдарында “билдир” аттуу уруктар бар экендиги белгилүү.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • О. Каратаев; С. Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Б.,"Бийиктик" - 2005-жыл.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]