Бербанк Лютер

Википедия дан
Luther Burbank

Бербанк Лютер (7. 3. 1849-11. 4. 1926) -амер. селекционер-дарвиниулук

Бербанк тикенсиз кактустун, кабыгы жука жаңгактын, бий алманын, бүлдүркөндүн, ар түбү бир кг дан ашкан таттуу пияздын, жыпар жыттуу георгин гүлүнүн, көгүлтүр апийимдин, кара өрүктүн ж. б. өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун чыгарган. Кара өрүктүн эле Санта-Роза, Уиксон, Бербанк, Америка, Бьюти, канттуу кара өрүк, Клаймакс, Дюарт, Широ сыяктуу 113 сорту бар. Мыкты сорттору Аргентина, Африка, Австралия жана Жаңы Зеландияда өстүрүлөт. Алдыңкы илимпоздор Бербанкты дарвинизмдин мыкты өкүлү катары жогору баалаган. Америкада анын эмгегине көңүл бурулбагандыктан, көп сорту жоголуп же унутулуп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.