Берг Аксель Иванович

Википедия дан

Берг Аксель Иванович (29. 10(10. 11). 1893-ж. т. ) - советтик радиотехник, инженер-адмирал, профессор (1930), СССР ИАнын акад. (1946; мүчө-корр. 1943). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963).

1944-жылдан КПССтин мүчөсү. 1914-ж. Деңиз корпусун бүтүргөн. 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) суу астында жүрүүчү кайыктын штурманы, Жарандык согушта командири болгон. 1922-жана башкаге "Суу астындагы кайыктардын айрым дивизионунун эмгек баатыры" деген наам берилген. 1923-ж. Аскер-деңиз инженерлер окуу жайын, 1925-ж. Ленинграддагы Аскер-деңиз академиясын бүтүргөн. 1924-43-ж. Ленинграддын жогорку окуу жайларында сабак берген. 1943-44-ж. электр өнөр жай эл комиссарынын орун басары, 1953- 57-ж. коргоо министрине орун басар. Бергдин демилгеси жана жетекчилиги менен бир катар илимий изилдөө институттары уюшулуп, заводдор курулган.

1964-жылдан кибернетиканын жетишкендиктерин өндүрүшкө кийирүү боюнча иштерге жетекчилик кылат. 1962-65-ж. "Өндүрүштү автоматташтыруу жана өндүрүштүк электроника" энциклопедиясына башкы редактор. З Ленин ордени, башка 6 орден жана медалдар, А. С Попов атындагы алтын медаль (1951) менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.