Бердибаева Сабырбүбү
Бердибаева Сабырбүбү Оймочу, өрмөкчү, саймачы. 1947-ж. Кочкор районундагы Теңдик айылында төрөлгөн.
Бишкек автожол техникумун бүтүргөн. 1987-жылдан республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу борборунда окутуучу-чебер. Сабырбүбүгө апасы Мариянын таалим зор болгон. Мариянын Сабырбүбүдөн башка кыздары Керил, Жаңыл, Жеңиш, Шааркүл, Жибектер да эне жолун улаган уздар. Сабырбүбүнүн оюм-чийиминин табигый булагы айлана-чөйрө. Анын көркөм көчөт оюмдары тууралуу өзүнчө альбому бар. Адатта, оюм-көчөттөрүнүн ортолоруна «суу», «аламыч», «аламончок» түшүрүү аркылуу гүл, чөптөрдү, бак-дарактарды көчөт катары пайдалануу арбын бопсо, анын көркөмдүктөрүнө бир нече тегиздикте келишкен бир нече кайталанып өткөн гүлдөрдүн кооздугунун ийкемдүүлүгүн арттырып, гүр, көчөт жаратуу уздун негизги милдети болуп саналат. Төрт мезгилдин өзгөчөлөктөрүн, бири бирине окшошпогон күндөлүк турмуштай көркөм татаал оюмдарды чийүүнү, жаратууну уз максат кылат. Өсүмдүктөрдүн бетегесинен тартып өзөктөнгөн, бутактанган жерин сызып-чийип кыйыштырууну уз биринчи планга коёт. Мында негизги оюм-көчөттөр гүлдү символдоштуруу аркылуу ийкемге келет. Демек, элдик оюмдар, гүл, жаныбар, канаттуулар бири биринен өтүшүп, ич ара шайкештенип, жалпысынан алганда көркөм көчөт болуп таанылат. Ошону менен өсүп-өнүү, гүлдөө темптери баамдалат. Чечмелей келгенде жер, жаныбар, өсүмдүк, аба, канаттуулар, булут, суу, саз, тоо, токой - ар биринин өзүнчө сөөлөтү билинет. Уз мына ушуларды этиеттеп, шарттуу биримдикте кайталоо аркылуу кыргыздын элдик оюмдарын пайда кылат. Сабырбүбү уз көл экологиясына да кайрылат. Анын бетин ачуу үчүн көлдүн түпкүрүн, андагы тиричиликти, четиндеги, үстүндөгү кайкып учкан канаттууларды, ак кууларды көңүлдүн борборуна алып, «Ысык-Көл ак куулары аркылуу аруулуу»,- деген бүтум чыгарат да, бул туюнтмалар көркөм көчөт менен түшүндүрүлет. Эмгеги баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1988 ж. Кыргыз Илимдер Академиясындагы «Көркөм кол өнөрчүлөрдүн топтук көргөзмөсү». Шырдагы үчүн ЭЧЖРКнүн Ардак грамотасы;» 1989-ж. «Сүрөтчү-прикладниктердин жана элдик чебер аялдардын көргөзмөсү». Шырдак, курак жана сайма буюмдары менен катышкан; 1990 ж. Республикалык эстетикалык тарбия окутуу борборундагы «Элдик чеберлердин көргөзмөсү». Шырдак, курак буюмдары үчүн Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун Ардак грамотасы; 1990-ж. Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейиндеги «Кол өнөрчүлөрдүн республикалык сатуу-көргөзмөсү». Кийиз, сайма, курак буюмдары менен катынпсан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0