Мазмунга өтүү

Бердибай уулу Ыктымал

Википедия — ачык энциклопедия

Бердибай уулу Ыктымал (1930-1968) Зергер. Кочкор районундагы Үч-Булак айылында төрөлгөн.

4 жашында кызамык менен ооруп, кулагы укпай, дудук болуп калат. Энеси үйдөн тамга таанытып, эсеп-кысапты үйрөтөт. Кылтак салып, уучулук кылат. Чолпондук Кашкар Нарынбай уулунан зергерчиликти үйрөнгөн. Тетик бала кыз-келиндердин зер жасалгаларына узанууда текенин мүйүзүнөн куйма жатак жаратат. Ал күмүш нускаларын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай кармайт. Байбичелерге карта шакекти көп жасаган. Өрүмдүн (жылан боор, торгой көз, музоо тиш, каз тандай, беш кашка, жети кашка) алты түрүн билген. Өзү жасап алган алаа көөрүгү, күмүш зым тарткычы буюмга өзүнчө сын берүүчү көркөм калыптары болгон. Анын ийген темир комузун чоң энеси Канышай каккан. Устачылыгында карышкыр капкан кармоосу жогору бааланган. ДМ 30-35 см келген тиштүү капкандын жаагына кара чала болоттон тандап, отко коюп, такадай ийлөө жана сугарууну жекече устачылык күчү менен жасап, чаптырганда өйдө (10-15 см) секирип турган. Аны жырткычтарга керме капкан кылып салган. Ыктымал кармалуучу нускалардын жердигине карата чычырканактын, арчанын, талдын, карабактын көмүрүн үйлөткөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0