Мазмунга өтүү

Береговой Георгий Тимофеевич

Википедия долбоорунан

Береговой Георгий Тимофеевич (15. 4. 1921-ж. т. ) - СССРдин учкуч-космонавты, авиациянын генерал-майору (1968), эки жолу Советтик Союздун Баатыры (1944-ж. 26-октябрь, 1968-ж. 1-но-ябрь).

1943-жылдан КПССтин мүчөсү. Луганск аскер-учкучтар мектебин бүтүргөндөн (1941) кийин, Ата Мекендик согушка катышкан, авиация эскад-рильясына командир болгон. 1956-ж. Аскер-аба академиясын (азыр Гагарин атындагы ) бүтүргөн, 1948-64-ж. сыноочу учкуч. 1968-ж. 26-30-октябрда "Союз-3" космос кемеси менен 95 с та Жерди 64 жолу айланып чыккан. Орбитада кеме бир нече багытта маневр жасаган. СССР Жогорку Советинин 9-шайл. депутаты. Эки жолу Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 2 Кызыл Жылдыз ж. б. орден, медалдар менен сыйланган.

Березит (Уралдагы Березовск кенинин атынан) -составы кварцтан (25- 50%), альбиттен (5-25%), серициттен (10-15%), карбонаттан (0-10%) түзүлүп, кварцтын, кээде руданын жука тарамдары менен тилкеленген жана пиритке байып, өзгөрулгөн тоо тек.

Березит интрузия тоо тектерине (гранит, гранит порфир ж. б. ) рудага бай гидротермалык эриндилердин тийгизген таасиринен пайда болот. Березит жана березиттүү тоо тектер - алтын ж. б. металлдардын кендерин издеп табуунун бир белгиси.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.