Бериташвили Иван Соломонович
Бериташвили Иван Соломонович (10. 1. 1885-29. 12. 1974) - советтик физиолог, СССР ИАнын (1939), СССР медицина ИАнын (1944), ГССР ИАнын акад. (1941) Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964).
Петербург университетин бүтүргөн (1910). Одесса университетинде 1915-19-ж. приват-доцент. 1919-жылдан Тбилисидеги университеттин профессор 1985-жылдан Тбилиси университетинин алдындагы Физиол. институтунун директору, 1951-жылдан ГССР ИАнын Физиол. институтунда илимий жетекчи.
Бериташвилинин негизги эмгектери булчуң жана нерв системасынын физиологиясына арналган. Ал мээнин түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн жана жогорку нерв иш-аракетинин татаал мыйзам ченемин изилдеген. Акыл-эстин жана анын түзүлүшүнүн, физиологиялык, психол. жана физикалык -химиялык негизин үйрөнүү боюнча чоң иштерди жүргүзгөн. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941), Ленин ордени, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.