Бериш кутусу

Википедия дан

Бериш кутусу - металл кесүүчү станоктордо иштетүүдө тетиктин же аспаптын беришин (жылдырылып берилишин) өзгөртүү үчүн арналган механизм.

Бериштер өтө так жана белгилүү бир мыйзам ченем боюнча (мис, сай чыгаруучу станокто бурама сайдын кадамынын чоңдугуна карата) аныкталат. Бериш кутусу станоктун шпиндели, электр кыймылдаткычы же ылдамдык кутусунун жетелөөчү валы менен кыймылга келтирилет. Кинематикасы, конструкциясы жана арналышы боюнча Бериш кутусу көп түргө бөлүнөт. Конструкциясы жагынан Бериш кутусу Нортон, жылма шпонкалуу, жылма блок-туу, муфталуу (фрикциондук, муштумчалуу, электр-магниттик) же "меандр" түрүндөгү кыймыл өткөргүчтөрдөн турат. Кээде (2В440 станогу) Бериш кутусу вариатор түрүндө да болот. Бериш кутусу - универсалдуу токардык, фрезер жана жылмалоочу станоктордун негизги түйүндөрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.