Мазмунга өтүү

Бернс Роберт

Википедия — ачык энциклопедия

Бернс Роберт (25. 1. 1759-21. 7. 1796) - Шотландия акыны. Кедей-дыйкан үй-бүлөсүнөн чыккан.

Жаштайынан жакырчылык турмуштун каарын көргөн. Өз алдынча окуп билим алган. Шотландиянын элдик ырларына шыктанып, 15 жашынан ыр жаза баштаган. Жерг. чиркөөнүн төбөлдөрүн келекелеген "Эки койчу" (1784), "Сопусунган Виллинин намазы" (1785) деген сатиралык поэмалар жазган. "Көбүн эсе шотландия диалектисинде жазылган ырлар" (1786) деген биринчи китеби аны атак-даңкка бөлөгөн.

Шотландиянын музыкалык жана поэтикалык фольклорун чогултуп чыгарган. Революциялык доордун алдыңкы адамы Бернс фольклорду агартуучулук гуманизм менен реализмдин духунда кайра иштеп чыккан. Анын лирикасындагы негизги жанр - ыр (песня). Анын ырлары элдик поэзиянын духу жана жамалы, азатчыл идеялар, лиризм жана юмор менен каныккан. Акындын ырлары 19-кылымдын башынан орус-чага которула баштаган. Алардын ичинен С Я. Маршактын котормолору мыкты деп бааланат. Бернстин ырлары кыргызча да бирин-серин которулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.