Мазмунга өтүү

Бертельс Евгений Эдуардович

Википедия — ачык энциклопедия

Бертельс Евгений Эдуардович (13 (25). 12. 1890-7. 10. 1957) - чыгыш таануу боюнча советтик илимпоз, СССР ИА-нын мучө-корр. (1939), Иран ИАнын (1944), Дамаскидеги Араб ИАнын (1955) мүчө-корр.

1920-ж. Петроград университетинин чыгыш тилдер факультететин бүтүрүп, СССР ИАнын Азиялык музейине (азыр СССР ИАнын Чыгыш таануу институту) кирип, өмүрүнүн акырына чейин иштеген. Фарс, тажик, бир катар түрк тилдеринин тарыхы боюнча эмгектердин автору. Суфизмди жана суфизм адабиятын, Фирдоуси, Низами, Жами жана Навоинин чыгармачылыгын изилдеген. Бертельс ирандын текстология боюнча советтик мектепти түзүп, ага жетекчилик кылган. "Низами" монографиясы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгын алган (1948). Б. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.