Мазмунга өтүү

Беткайнар

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Беткайнар
2024-ж
ӨлкөКазакстан
ОблусЖамбыл облусу
РайонКордай району
Айыл аймагыБеткайнар
Координаттар43°12′29″ с. ш. 74°27′55″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1901
Мурунку аталышыУспеновка
Климатынын түрүкескин
Убакыт аралыгыUTC+5
Калкы
Расмий тилиКазак тили
Калкы 5,587 адам (2021)
Улуттук курамыКазактар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+7 (72636)
Почта индекси080408
Автоунаа коду08 (мурда Н)
Сандык идентификатор314835100
Беткайнар (Казакстан)

Беткайнар (каз. Бетқайнар, мурда Успеновка) — Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы айыл. Беткайнар айыл аймагынын административдик борбору. Казакстандын Чүй өрөөнүндө жайгашкан. ААБК коду - 314835100[1].

Айылдын пайдубалы 1901-жылы түптөлгөн. 1996-жылга чейин «Көккайнар» кант кызылчасын өстүрүүчү ири борбор болгон. Анын негизинде азыр чарбалар, өндүрүштүк кооперативдер иштеп жүргүзөт.

Географиясы жана климаты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондун борбору Кордай айылынан 25 км түндүк-батыш тарапта, Чу дарыясынын оң жээгинде, Бишкек-Чу унаа жолунун кесилишинде жайгашкан. Айыл жери боз жана күрөң топурактуу. Жусан, дан чөптөрү, эфемердик өсүмдүктөр өсөт.

Бул жерде климат континенталдуу. Январдын орточо температурасы -11 — -13 °C, июлдун +22 — +24 °C. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 350-400 мм, анын негизги көлөмү март-май жана ноябрь-декабрь айларына туура келет. Шамалдын күчүндө түндүк-чыгыш (34%) жана түндүк (16%) шамалы басымдуулук кылат. Туруктуу кар катмары ноябрдын акыркы аптасында пайда болуп, марттын экинчи аптасында бүтөт[2].

Маданий агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелери, дүкөндөр бар

1999-жылы айылдын калкы 4359 киши (2124 эркек жана 2235 аял) [3] болгон. 2009-жылдагы эл каттоого ылайык, айылда 4174 адам (2037 эркек жана 2137 аял) жашаган [3].

жылы19891999[3]2009[3]2021[4]
адам.4,286 4,359 4,174 5,587

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Қазақстан»: Ұлттық энциклопедия / Бас редактор Ә. Нысанбаев – Алматы «Қазақ энциклопедиясы» Бас редакциясы, 1998 ISBN 5-89800-123-9.
  • Есназарова У. А. Физическая география Казахстана. — пятое, переработанное. — Алматы, Казахстан: АЛМАТЫ 2016, 2916. — С. 4, 51, 46, 8. — 247 с.
  • Жетісу. Энциклопедия. — Алматы: «Арыс» баспасы, 2004. — 712 бет. ISBN 9965-17-134-3.
  1. База КАТО. Агентство Республики Казахстан по статистике. Түп булактан архивделген күнү 27 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  2. Бейсенова А., Карпеков К. Физическая география Казахстана. Учебник для 8 класса. — Алматы: Атамура, 2004. — 256 с.
  3. 1 2 3 4 Итоги Национальной переписи населения Республики Казахстан 2009 года. Агентство Республики Казахстан по статистике. Түп булактан архивделген күнү 13 -май (бугу) 2013.
  4. 2021 жылғы ұлттық халық санағының қорытындылары