Бетон иштери

Википедия дан

Бетон иштери - бетон жана темир-бетон конструкцияларын, курулмаларын тургузууда аткарылуучу курулуш иштеринин комплекси. Аларга төмөнкүдөй негизги процесстер кирет: бетон аралашмасын даярдоо, аны курулуш аянтына жеткирүү, калыпка (опалубка) куюп, тыгыздоо жана анын кургап катышына шарт түзүү, ошондой эле калыпты алып таштоо. Бетон аралашмасын даярдоодо алгачкы материалдын сапаты, курамын түзүүчү заттарды туура жана так тандоо жана жакшылап аралаштыруу мааниге ээ. Бетон аралашмасы атайын жайдагы бетон аралаштыргычта даярдалат, анын компоненттери (цемент, толтургучтар, суу жана ар кандай кошумчалар) 1-2 % ке чейинки тактыкта ченелет. Бетон аралашмасы жетишсиз аралаштырылса, бетондун касиети начарлап, анын бышыктыгы төмөндөйт. Бетонду «кароо» температуранын режимин кармоо, температурадан болуучу деформацияны болтурбоо аракети, катып жаткан бетонду уруудан сактоо ж. б. Бетондун ачык жерлерин суулап, бетин жаап, кышында жылуулап туруу натыйжалуу болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]