Беттик кубулуш
| Бул макаланы «Беттик кубулуштар» макаласы менен бириктирүү сунушталууда. |
Беттик кубулуш - чектик катмардагы ашыкча эркин энергия беттик энергия пайда кылган кубулуш. Беттик кубулуш нерселердин химиялык жана физикалык өз ара аракеттешүүсүндө беттик катмарда өтөт. Негизги беттик катмар беттин аянтына пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайышына байланыштуу. Суюктуктун ийрилик бетин пайда кылуучу молекула күч менен сырткы күчтүн биргелешкен аракетинен келип чыгуучу беттик кубулуш капиллярдык кубулуштар деп аталат. Катуу нерселердеги беттик кубулушка илинишүү (когезия), жабышуу (адгезия), нымдоо (смачивание), сүрүлүү ж. б. кирет. Ар түрдүү катуу нерселердин бузулуу жана деформациялануу процесстеринде кристаллдык торчонун бузулушунан нерсенин ички беттеринде да беттик кубулуш байкалат. беттик кубулуштун көпчүлүк тобун беттик катмардын химиялык курамын өзгөртүүчү адсорбциялык кубулуштар түзөт (к. Адсорбция). Кубулуштардын башка тобуна термоэлектрондук эмиссия, потенциал секириги жана фазалардын чектик бетинде электрдик кош катмардын пайда болушу кирет. Бул беттик кубулуш иондордун адсорбциялык жана диполдук молекулалары менен байланышкан. Беттик кубулуш чектик беттердин кыймылында чектик шарттардын өзгөчөлүгүн, берилген чөйрөдө материалдардын жана конструкциялардын чыдамдуулугун аныктайт. Чектик бетте мономол. катмарды пайда кылган адсорбциялоочу заттын аз өлчөмдөгү кошундусу материалдын көп касиеттерин жөндөөгө мүмкүндүк берет. Беттик кубулуш тоотектеринин талкаланышын, жер кыртышынын жарылышын, нымдуулуктун бууланышын жана айлануусун, ошондой эле тирүү организмдеги көп процесстерди аныктайт. Көптөгөн технологиялык процесстер (майлоо, нымдоо, флотация ж. б.) Беттик кубулушту пайдаланууга негизделген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4