Мазмунга өтүү

Беттик кубулуштар

Википедия — ачык энциклопедия

Беттик кубулуштар - беттештирилген эки нерсенин четиндеги беттик катмарлардын өзгөчө касиетте болушунан пайда болгон кубулуштар.

Беттик катмарлардагы молекулалардын активдүүлүгү, багытталышы, анын составы жана структурасынын өзгөчө абалда болушу нерсенин бетинде кошумча эркин энергиянын болушун шарттайт. Көлөмүнүн ичиндеги катмарларга караганда анын бетиндеги эркин энергиянын көп болушу нерседе Беттик кубулуштарды пайда кылат. Нерселердин физикалык жана химиялык өз ара аракеттениши баарыдан мурда беттик катмарларда болуп өтөт. Негизги Беттик кубулуштар беттин чоңдугуна пропорциялаш болгон беттик энергиянын азайышына байланыштуу. Суюк тамчылардын же газ көбүкчөлөрүнүн шар формада болушу жана өсүү кезинде кристаллдын түзүлүшү алардын турактуу көлөмдөгү эң аз эркин энергиясы менен аныкталат. Катуу нерселердеги Беттик кубулуштарга илинишүү (когезия), жабышуу (адгезия), нымдоо, сүрүлүү ж. б. кирет. Катуу нерселердин бузулуу жана деформациялануу процесстеринде кристаллдык торчонун бузулушунан нерсенин ички беттеринде да Беттик кубулуштар байкалат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.