Беттик натыйжа

Википедия дан

Беттик натыйжа - скин-эффект өзгөрмө электр тогунун жана аны менен байланыштагы электр-магниттик талаанын өткөргүчтүн же магниттик агымдын магнит өткөргүчүнүн туурасынан кесилиши боюнча тегиз эмес бөлүштүрүлүшү. Кыйла жогорку жыштыкта ток негизинен өткөргүчтүн беттик жука катмарында (скинкатмарда) агып өтөт жана тереңинде дээрлик өтпөйт. Ток тыгыздыгы магнит өткөргүчтүн же ток өткөргүчтүн бетинен анын борбор бөлүгү көздөй азаят. Бир калыпта эместик даражасы токтун же магнит агымынын жыштыгынын өсүшү, зымдын кесилиш аянтынын чоңоюшу, материалдын ток өткөрүүчүлүгү же магнит өткөрүмдүүлүгү көбөйгөн сайын жогорулайт. Беттик натыйжа турактуу токко салыштырмалуу өзгөрмө токко өткөргүчтүн каршылыгынын чоңоюшуна алып келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]