Беттин сапаты

Википедия дан

Беттин сапаты - машина тетиктеринин беттик катмардын физикалык-химиялык касиеттеринин жана беттин геометриялык касиеттерин аныктоочу комплекстүү көрсөткүч. Ал макрогеометрия (беттин чоң бөлүгүндө формасынын четтөөсү иштетүү тактыгы), беттин бодурлугу, толкундуулугу (толкун арымынын бийиктигине болгон катышы 50-1000, б. а. бодурлукка караганда бир топ эсе чоң), беттик катмардын абалы (анын физика-механикалык жана химиялык касиеттери согуп-чыңоо, калдык чыңалуу, микрокатуулук, фазалык курам ж. б.) менен мүнөздөлөт. Анын мүнөздөмөсү машина тетиктерин пайдаланууга, анан анын жешилүүгө, дат басууга, титирөөгө, туруктуулугуна, чарчоо каршылыгына, тийишүү катуулугуна, бириктирүүнүн жылчыксыздыгына жана бекемдигине, каптоонун бышыктыгына ж. б. олуттуу таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]