Бехер Иоганнес Роберт

Википедия дан

Бехер Иоганнес Роберт (22. 5. 1891- 11. 10. 1958) - немис акыны, коомдук ишмер. Германия компартиясынын мүчөсү (1918).

Көркөм академиянын президенти (1953-56) болуп иштеген. 1935-45-ж. СССРде жашаган. Ырлары 1911-жылдан жарыялана баштайт. Бехердин алгачкы чыгармалары экспрессионизм менен байланыштуу болгон. 20-жылдары реализм жолуна түшөт. Муну "Банкир согуш талаасын четтеп өттү" (1925) повести, "Люизит же Бирден бир адилет согуш" (1926) романы, "Лениндин табытынын жанында" (1924) поэмасы жакшы далилдейт. Бехердин чыгармачылыгы 2-дүйнөлүк согуштун мезгилинде өөр-чүйт. "Германия чакырат" (1942) жана "Сталинградга алкыш" (1943) деген жыйнактарында Советтик Армияны, совет элин даңазалаган. Бехер эки жолу (1949, 1950) чыгармалары үчүн жана ГДРдин гимнин жазгандыгы үчүн Улуттук сыйлыкка ээ болгон. Ага "Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн" эл аралык Лениндик сыйлык ыйгарылган (1952).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.