Бешик куда

Википедия дан

Бешик куда - наристе бешикте кезинде эле кудалашуу салты. Бири-бири менен ымаласы жакын эки үйбүлө өзүлөрүнүн жакындыгын күчөтүү максатында, айрым учурларда сөөк жаңыртуу иретинде да бешик куда болушкан. Кудалашкан күндөн тартып, болочок келиндүү болчу тарап калың төлөй баштап, колукту күйөөсүнүн босогосун аттаган күнгө чейин созулушу ыктымал. Никелешүүнүн ушул сыяктуу түрлөрү казактарда, өзбектерде, тажиктерде, ошондой эле Орто Азиянын башка элдеринде да кездешкен. Кийин бул салт жок болуп кеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]