Беш-Буркан көмүр кени

Википедия дан
Беш-Буркан күрөң көмүр кени‎»‎ барагынан багытталды)

Беш-Буркан көмүр кениОш облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 12 км түштүк-чыгыш тарапта, Тахтек өрөөнүндө. Кен 1987–88-ж. издөө иштеринин негизинде ачылган. 1989–91-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Төмөнкү юра катмарында, татаал түзүлүштөгү бир көмүр кабаты аныкталган. «Негизги» деп аталган кабаттын калыңдыгы 1,47 мден 37,19 мге чейин өзгөрөт. Көмүр 3Б маркасына таандык, орточо күлдүүлүгү 19,4%, орточо табы 28,5 МДж/кг (6808 ккал/кг) түзөт. Запасы (В+С1 категориясы боюнча) 37344 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]