Беш-арал мамлекеттик коругу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Беш-арал мамлекеттик коругу - жаныбарлары коргоого алынган аймак. Чаткал тоосунун түндүк батыш капталында, Терс суусунун алабында жайгашкан. башка жерлерде кездешпөөчү өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн мамлекет коргоого алган аймак.

Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө 1979-жылы уюшулган. Мындай чечимдин кабыл алынышына Өзбек ССРинин малчыларынын Чаткал өрөөнүндө малды кеңири жайып, жайыттардын, анын ичинде баалуу субальптык, альптык өсүмдүктөрдүн тобунун, тоолуу шалбаалардын бузулушу себеп болгон. Алардын бузулушу өрөөндөгү эндемик жаныбарларынын санынын кескин азайышына алып келип, аларды коргоо жана илимий иштерди алып баруу максатында корук уюштурулган.

Аянты 107801,3 миң га, түндүктөн түштүктү карай орточо 48 км, чыгыштан батышты карай 75 км созулуп жатат. Эң бийик жери деңиз деңгээлинен 3760 м, эң жапыз жери 940 мди түзөт. Коруктун административдик борбору Жаңы-Базар айылында жайгашкан. Корук аймагында шалбаалуу талаа, саздуу, шалбаалуу жерлер (66 миң гадай) бар. Токой жана сейрек токой 30 миң ганы ээлейт. Коруктун ичинде беде жана көптөгөн өсүмдүктөрдүн түпкү аталары өсөт. Алардын 17 түрү Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине кирген. Өсүмдүктөрдүн 20 %, Батыш Теңир-Тоонун, 80 % Орто Азиянын эндемиги болуп саналат. Өсүмдүктөрдүн 300 дөн ашык түрү, а.и.сейрек кездешүүчү 30 түрү өсөт. Талааларда аюу чач, шашыр басымдуу. Жоогазын, шыбак, пскем пиязы, чекенди, кызылот, кымыздык ж.б.да өсөт. Дарак өсүмдүктөрдөн арча, карагай, бадалдардан мисте, суу жээктеринде терек, тал, кайың, бөрүкарагат, итмурун, табылгы, изирик, долоно, шилби, ыргай, чычырканак ж.б. кездешет.

Өрөөндүн төмөн жагында (батышында) жаңгак (аянты 161 га), алма, алча, айвансари токою бар. Too капталдарын бетеге, ак кылкан ж.б.талаа өсүмдүктөрү ээлейт. Коруктун аймагындагы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине катталган: арум, илария, кулунчак, жоогазын, пскем пиязы, гирча, Регел тамыр күчаласы, Кауфман мандалагы, Грейг мандалагы, Коржинский алмуруту, Кызыл жалбырактуу алма (яблоня Недзвецкого), Кнорринг долоносу, Кызыл алма (яблоня Сиверца), Петунников бадамы, Узунакмат жүзүмү ж.б. Жаныбарлар дүйнөсү да бай.

Коруктун жаныбарлар дүйнөсү эндемик болуп саналган Мензбир суурунун кездешкендиги менен башка коруктардын жаныбарлар дүйнөсүнөн айырмаланып турат. Сейрек кездешүүчү жаныбарлардан Батыш Теңир-Тоонун эндемиги мензбир сууру, кидик така тумшуктуу жарганат, ак тырмактуу күрөң аюу, суусар, чаар күсөн, кундуз, сүлөөсүн, аркар, тоо эчки, элик, кашкулак, илбирс, суу күсөн, мадыл мекендейт. Куштардан бүркүт, бакачы куш, ылаачын, ителги, көк жору, кара кунас, каркыра,чоң үкү, жыланчы, ак канаттуу тоңкулдак, узун куйрук чымынчы, кумай бар. Курт-кумурскалар: тикен куйрук ийнелик, дөө шер чымыны, арчачыл мүйүк куйрук, балыктар: түркестан жаяны. Корук 4 корук бөлүмүнөн турат: Баркырак (28772 га), Араб (21488 га), Кеңбулуң (31826 га), Сандалаш(25715,3 га). Ар бири өз аймагын коруйт.

Корукту Э.Т.Төрөниязов (1979-84), M.С.Сейталиев (1984-89), T.А.АлимПсков (1989-92), K.И.Ибраимов (1992-96), А.Т.Кулиев (1996- 2000), И.М.Барпиев (2000-06)).М.Сейталиев (2006-10), К.Ж.Ашалиев (2010-13), 2013-жылдан Р.Аманкулов жетектейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]