Бидструп Херлуф
Көрүнүш
Бидструп Херлуф - (10.9.1912, Берлин-1988) даниялык сүрөтчү-карикатуристтик Копенгагендеги сүрөтчүлөр академиясында окуган (1931-35). Х. Бидструп Кыргыз ССР эл сүрөтчүсү Т. Сыдыков менен. Адегенде турмуш-тиричилик темасындагы юмордук жана сатиралуу сүрөттөрдү, 1940-жылдан саясий карикатураларды тарта баштаган. Анын сүрөттөрүнүн сериялары Данияда, чет өлкөлөрдө, ошондой эле СССРде да бир нече жолу өз алдынча альбом болуп басылып чыккан. Кыргызстанга келип, көп кызыктуу сүрөттөрдү тартып кеткен. Бидструп «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдагандыгы үчүн» эл аралык Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1964). СССР сүрөтчүлөр академиясынын ардактуу мүчөсү (1973).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4