Бийбосунов Ильяс

Википедия дан
Туулган жылы:

1932 жыл(1932)

Туулган жери:

Күрмөнтү айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, СССР, (Кыргызстан)

Каза болгон жылы:

30 -октябрь 2008(2008-10-30)

Каза болгон жери:

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Илимий чөйрөсү:

физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери

Бийбосунов Ильяс Бийбосунович - (1932-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылы. 30.10.2008 - Бишкек) физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери.

  • 1949-жылы Пржевальскийдеги Мугалимдер Институтуна кирип физика жана математика адистигин алып чыккан.
  • 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика – математика факультетинин физика бөлүмүн ийгиликтүү аяктоо менен ошол эле жылы аспирантурага кабыл алынган.
  • 1959-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, Кыргыз Мамлекеттик университетинин Теориялык физика кафедрасына улук окутуучу кызматына кабыл алынган.
  • 1961-жылы Кыргыз Илимдер Академиясына чакырылып Физика жана математика Институтунда улук илимий кызматкер болуп эмгектенген.
  • 1975-жылы Кыргыз илимдер Академиясынын Автоматика институтуна которулуп, 1995-жылдын январь айынан баштап, өмүрүнүн аягына чейин “Физика жана тоо-тектеринин механикасы” институтунун гидроаэродинамика лабораториясын жетектеген.
  • 1972-жылы Бийбосунов Ильяс докторлук диссертациясын жактап, 1973-жылы профессор наамы ыйгарылган.
  • 1985-жылы СССРдин Теориялык жана колдонмо механика боюнча Улуттук Комитетинин мүчөсү.
  • 1968–1992-жылдары СССР Илимдер Академиясынын алдындагы Астрономия-геодезиялык коомдун Кыргызстандагы (ВАГО) бөлүмүн жетектеген.
  • 1992-жылы Россия Федерациясынын “Механика” боюнча Улуттук Комитетинин мүчөсү.
  • 2000-жылы Бийбосуновдун демилгеси менен Кыргызстандын Теориялык жана колдонмо механика боюнча Комитети (Коомдук бирикме) түзүлөт.

Ал Коомдук бирикменин президиюмунун жетекчиси (башкаруучусу) болуп Бийбосунов Ильяс шайланат.

  • 1989-жылдан Улуттук Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.
  • 1993-жылы ага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам берилген.

Бийбосунов Ильяс теориялык жана математикалык физика багыттары боюнча эң көрүнүктүү окумушту болгон. Анын негизги илимий эмгектери физика атмосферасы, газ динамикасы, бир тектүү эмес чөйрөнүн механикасы проблемаларын чечүүгө багытталган жана аларды чечүүнүн моделдери түзүлгөн. Ал тарабынан Кыргызстанда тез-тез болуп туруучу жер жана кар көчкү, сел процесстерин басаңдатуу боюнча гидротехникалык курулуштардын проектилери иштелип чыккан. Бийбосуновдун Кыргыз Республикасынын автоматтык жана мелиорациялык иштерди жүргүздүү боюнча жасалган иштери эң жогорку бааларга татыктуу болгон. Бийбосуновдун жетекчилиги менен көптөгөн эл аралык конференциялар, семинарлар өткөрүлгөн. Бийбосунов Ильяс 170 илимий эмгектердин, 4 монографиянын автору болуп эсептелет. Анын жетекчилиги менен Механика боюнча чоң илимий мектеп түзүлгөн. Ал тарабынан 18 илимдин кандидаттары, 5 илимдин докторлору даярдалган. Профессор Бийбосунов Ильяс Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларында педагогикалык иш жүргүзүп, көптөгөн жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоодо чоң салымын кошкон. Анын илимий жана коомдук иштери жогору бааланып, бир нече өкмөттүк жогорку сыймыктарга ээ болгон. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Педагогикалык коллежи Бийбосунов Ильястын ысымын алып жүрөт. “Данк” ж. б. медалдар менен сыйланган.