Билим алуу укугу

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жарандын билим алууга укуктуу экендигин белгилеген. Окууга жашы жеткен ар бир бала улутуна, ата-энесинин кайда иштегенине же алардын бар же жок экендигине карабастан мектепке кирүүгө укуктуу. Мектепте окуу акысыз жүргүзүлөт, ал түгүл окуу китептери дагы бекер берилет. Каалагандар жана мүмкүнчүлүгү бар ата-энелер балдарын акы төлөп менчик мектептерге, лицейлерге берсе да болот. Буга окшогон менчик окуу мектептеринин программасы сөзсүз түрдө мамлекеттик мектеп өтө турган программаны өзүнө камтыш керек. Орто билим негизги деп аталат жана ал орто мектептерде окутулат, орто мектепти бүтүп билим алуу укук гана эмес, милдет да болуп эсептелет. Ошондуктан, ар бир бала мектепте окуш керек. Мамлекет бардык адамдар үчүн ар кимдин жөндөмүнө жараша кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул мүмкүнчүлүк граждандарга мамлекеттик окуу жайлардан билим берүү менен гана ишке ашырылбайт, анткени билим алууну каалаган адамдын баарын окуу жайларга кабыл алып окутуу мүмкүн эмес. Ошондуктан мамлекеттик эмес, коммерциялык окуу жайларды ачууга уруксат берилген. Алардын санына чектөө коюлат. Билим берүү министрлигинен окуу жайынын талабына жооп берген лицей, колледждер лицензия алышып, көптөгөн жаштарды окутуп жатышат.
Кыргызстанда жаштардын билим деңгээли кыйла жогору. Мында 16 жаштан 30 жашка чейинки курактагы 1000 адамга жогорку билимдүү 50 адам, толук эмес жогорку билимдүү жана атайын орто билимдүү 155 адам, жалпы орто билимдүү 536 адам жана толук эмес орто билимдүү 220 адам туура келет. Жаштардын сапаттуу билим алышына мүмкүнчүлүктөр көп. Республиканын 40ка жакын жогорку окуу жайларында жана техникумдарында 146 адистиктер боюнча 60 миңден ашык студенттер окушат. Көптөгөн жаңы окуу жайлары: Кыргыз-Россия университети, Кыргыз-Өзбек жогорку колледжи, Кыргыз-Түрк техни-калык университети, Нарын университети ачылды. Азыркы мезгилде биздин өлкөгө келип жаткан чет өлкөлүк кредиттердин кыйла бөлүгү билим берүүгө жана кадрларды даярдоого, студенттик аудиторияларды азыркы учурдун техникасы менен жабдууга жумшалууда, илимий жана билим берүү программаларына чет өлкөлүк гранттар бөлүнүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 68-71 бб.