Билим берүүнүн мазмуну

Википедия дан

Билим берүүнүн мазмуну - төмөнкүдөй төрт компоненттен турат:

1. Дүйнө, адамзат, коом жана ишмердиктин (иштеп-эмгектенүүнүн) ыкмалары ж-дөгү билимдер;
2. Ишмердиктин (иштеп-эмгектенүүнүн) буга чейин белгилүү болгон ыкмаларын ишке ашыруунун, б. а. репродуктивдик эмгектенүүнүн тажрыйбасы (билгичтиктер жана көндүмдөр);
3. Чыгармачылык менен өз алдынча изденип-эмгектенүүнүн (продуктивдүү эмгектенүүнүн) тажрыйбасы.
4. Айлана-чөйрөгө, адамдарга эмоционалдуу боорукерлик менен, сарамжалдуулук жана адилеттүүлүк менен, адамгерчиликтүү жана гумандуулук менен мамиле кылуунун тажрыйбасы, б. а. тарбиялуулуктун деңгээли.

Мындан тышкары соңку мезгилде «Инсанга багыттап окутуунун» талабына ылайык билим берүүнүн мазмунун аныктоодо ар бир окуучунун субъекттик таанып-билүүчүлүк тажрыйбасын да, окуучу эмнеге көбүрөөк кызыга тургандыгын да жана окуу материалын үйрөнүүнүн өзүнө ылайыктуу ыкмаларын окуучу өз демилгеси менен тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүү да сөзсүз эске алынышы зарыл экендиги белгиленип отурат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,