Биогендер

Википедия дан

Биогендер, биогендик элементтер, биогендик заттар - 1) тирүү организимдердин курамында дайыма болуп, белгилүү бир биологиялык кызмат аткаруучу жана алардын тиричилиги үчүн өтө керектүү химиялык элементтер. Манилүү биогендер кычкылтек, көмүртек, суутек, азот, күкүрт, кальций, калий, натрий ж. б.; 2) тирүү организмдердин тиричилиги бүткөндөн кийин толук ажырап, минералга айланбаган, бирок топурактын кунардуулугун жогорулатуучу касиети бар заттар; 3) тирүү организм калдыктарынан пайда болгон биологиялык активдүү заттар (биолиндер, фитонциддер ж. б.); 4) жаныбарлар менен өсүмдүктүн денесинде белгилүү бир жагдайда пайда болуп, алардын өсүүсүн, демалуусун тездетүүчү заттар биостимуляторлор. Мал чарбасында биостимуляторлор малдын создуккан ыладдарын (экзема, кысыр калуу, мастит ж. б.) дарылоо үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]