Биокоммуникация

Википедия дан
Биокомуникация‎»‎ барагынан багытталды)

Биокоммуникация – атайын сигналдардын (хим., механикалык, оптикалык, акустикалык эмес) жардамы менен бир түрдүн же ар башка түрдүн особдорунун ортосундагы мамиле, көрүү, угуу, жыт билүү, даам сезүү, сезүү, термо жана электроцепторлор аркылуу кабыл алынат.

Сигналдардын иштелип чыгышы (генерация) жана кабыл алуу (рецекция) организмдердин ортосундагы хим., окустикалык ж. б. байланыш каналдарын түзөт. Ар кандай байланыш каналдары аркылуу түшкөн информацияны нерв системасы кабыл алып, жооп реакциясы пайда болот. Б. – азык затты, эркек-ургаачылар жуптарын, жагымдуу жашоо шартты издеп табууда, душмандардан коргонууда, ата–эне менен баланын ортосундагы мамиледе, топтолуп жашоодо чоң роль ойнойт. Эң кеңири таркалган байланыш каналы – химиялык байланыш болуп эсептелет. Мисалы, жаныбарлар бөлүп чыгарган зат – феромондор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4