Биологиялык классификация

Wikipedia дан
Биологиялык классификация

Биологиялык классификация - бул тирүү организмдердин классификациялоо принциптерин иштеп чыгуу жана ал принциптерди система түзүүдө түздөн-түз колдонууну максат кылган илимий дисциплина. Классификация деп бул жерде баардык бар болгон жана жок болуп кеткен организмдерди системалаштырып жайгаштыруу түшүнүлөт.

Систематиканын негизги максаттары:

  • Таксондордун аталышын жана сүрөттөлүшүн камсыздоо
  • Аныктооо – системадагы ордун табуу, аныктоо
  • Экстраполяция, б.а. организмдин тиги же бул таксонго кире тургандыгынын негизинде анын аныктагыч белгилерин божомолдоо. Мисалы, тиштеринин түзүлүшүнүн негизинде, биз так билбесек дагы, жандыкты кемиргичтер отрядына киргизсек, анда анын мөөнү жана бут кетмени бар деп божомолдой алабыз.


Систематика ар-дайым буларды божомолдойт:

Бизди курчаган тирүү организмдердин көп түрдүүлүгү аныкталган ички түзүлүштөн турат,
бул түзүлүш иерархиякалдуу уюшулган же ар түркүн таксондор бирине-бири баш ийишет,
бул түзүлүш аягына чейин билип-таанууга мүмкүн, демек органикалык дүйнөнүн толук, чыпчыргасын бери камтыган системасын – табигый системаны, түзүү мүмкүн.

Баардык таксономикалык иштердин өзөгүндө жаткан бул божомолдорду систематиканын аксиомасы деп атаса болот.

Таксономикалык даражалар[оңдоо]

Тирүү организимдердин азыркы классификациялары иерархиялык принципте түзүлгөн. Иерархиянын деңгээлдеринин(рангдар) өз аталыштары бар (жогоркудан төмөнкүгө): домен, дүйнө, тип же бөлүк, класс, түркүм, тукум, уруу, түр.

Негизги таксономикалык даражалар
Latin English Кыргыз Орус
regio domain домен домен
regnum kingdom дүйнө царство
phylum (divisio) phylum (in zoology), division (in botany) тип (зоология), бөлүк (ботаника) тип/отдел
classis class класс класс
ordo order түркүм отряд/порядок
familia family тукум семейство
genus genus уруу род
species species түр вид


Жадыбалдын булагы [1].

Ар бир организм кезегинде баардык категориялардын сапаттык белгилерине ээ болушу керек. Ар бир таксондун белгилүү даражасы болуш керек же б.а. таксономикалык категорияга кириши керек. Адатта, татаал системаларда кошумча категориялар өзүнчө бөлүнүп көргөзүлөт: жогорку (super) – чоң класс; инфра - (infra); төмөнкү (sub) - классча. Мындай категорияларды көргөзүү системалоо учурунда сөзсүз эмес. Система түзүүнүн мындай принциби Линндин иерархиясы деп аталат. Эмгектери азыркы илимий систематиканын негизинде жаткан швед табийгат таануучусу Карл Линнейдин (Carolus Linnaeus) наамынан аталган.

Домен (жогорку дүйнө) салыштырмалуу түрдө жаңы түшүнүк болуп эсептелет. 1990 ж. Карл Воезе (Carl Woese) тарабынан сунушталган жана Жер жүзүндөгү болгон биомассаны үч доменге бөлгөн:
1. Эукариоты - клеткасында өзөгү (ядросу) бар организмдердин баарын бириктирген домен;
2. Бактериялар
3. Археялар

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Түшүндүрмөлөр[оңдоо]

  1. Taxonomic rank