Биологиялык кристаллдар
Биологиялык кристаллдар – биологиялык макромолекулалардан белок, нуклеин кислотасы же вирус бөлүкчөлөрүнөн алынган кристаллдар. 103–104 атомдуу биологиялык макромолекулалардын өлчөмдөрү чоң болгондуктан, Биологиялык кристаллдар кристалл торчолуу (50–200 А) өтө чоң мезгилге ээ, ал эми вирустарда 1000 Аге жетет.
Биологиялык кристаллдардын өтө маанилүү өзгөчөлүгү – аларды пайда кылуучу ма-кромолекулалар ичинде иондуу эритменин саркындысы болгондугу. Б. к. ушундай эритме менен гана теңсалмактуулукта жашайт; Биологиялык кристаллдарды кургатканда молекуланын жана кристаллдын структурасы бузулат. Биологиялык кристаллдар айрым учурда тирүү организмдерде да пайда болот. Биологиялык макромолекулалардын кристаллдашуусу – аларды алуунун башкы ыкмасы. Биологиялык кристаллдардын кристаллдашуу ыкмалары температуранын өзгөрүшүнө, өтө каныгууга негизделген. Биологиялык макромолекулалардын өтө чоң өлчөмү электрондук микроскопия ыкмасы менен алардын кристалл торунан байкалат. Биологиялык кристаллдардын структурасын изилдөөнүн негизги ыкмасы – кристаллдарды түзүүчү молекулалардын мейкиндиктеги өтө татаал конфигурациясын аныктоочу рентген структуралык анализ. Биологиялык кристаллдардын рентгенограммасы өтө көп сандагы (≥100000) рефлекстерди камтыйт. Биологиялык кристаллдарды изилдөөнүн негизинде 100дөн ашык белоктун түзүлүшү аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0